АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектен тышкаркы 5-сессиясы
2021-жылдын 3-сентябры № 5-3
Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы "Коргончо № 3” көчөсүнө таза суу чыгаруу чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылынын “Коргончо № 3” көчөсүнүн тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында Ак-Коргон айыл кеңешинин 28-чакырылышынын кезектен тышкаркы 5- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтү тарабынан Ак-Коргон айыл аймагындагы Ак-Коргон айылынын “Коргончо №3” көчөсүндө жаңы казылып жаткан скважинага трансформатор, электро чубалга, эсептегич сатып алуу жана тосмолоо үчүн 575 000 (беш жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Туманбаев |