Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 4-сессиясы
2021-жылдын 6-августу № 4-3
Ак-Коргон айыл аймагына караштуу Ак-Коргон айылындагы“Эгемендүүлүк”, “Гулабад”, “С.Токтоназаров” көчөлөрүнүн тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы “Эгемендүүлүк”, “Гулабад”, “С.Токтоназаров” көчөлөрүнүн тургундарын таза суу менен камсыз кылуу максатында Ак-Коргон айыл кеңешинин 28-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттен Ак-Коргон айылындагы “Эгемендүүлүк”, “Гулабад”, “С.Токтоназаров” көчө тургундарын таза суу менен камсызсыздоого диаметри 100 дук өлчөмүндөгү 150 м шланга үчүн 150 000 (жүз элү миң) сом акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Туманбаев |