Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2021-жылдын 13-июлу № 3-1
Ак-Коргон айыл аймагындагы Ак-Коргон айыл тургундарынын арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон айылындагы “Штаб” участкасынан өткөн жолду оңдоо, айыл-чарба техникалары жана дыйкандарга шарт жаратып берүү максатында Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектен тышкаркы 3- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттен Ак-Коргон айылындагы “Штаб” участкасындагы жолду оңдоого 47 000 (кырк жети миң) сом акча каражатын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Туманбаев |