Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезексиз 3-сессиясы
2021-жылдын 13-июлу № 3-2
Ак-Коргон айыл аймагындагы Ак-Коргон стуктуралык бөлүмүнүн башчысы Сариева Гульбаранын арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Ак-Коргон структуралык бөлүмүнүн кызматкерлеринин жана бейтаптары үчүн шарт жаратып берүү максатында Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектен тышкаркы 3- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттен Ак-Коргон структуралык бөлүмүн таза суу менен камсыз кылуу жана имараттын сыртын ремонттоо үчүн 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Туманбаев |