Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектен тышкары 3-сессиясы
2021-жылдын 13-июлу № 3-3
Ак-Коргон айыл аймагындагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчыларынын арыздарын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагындагы мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарын жаңы 2021-2022-окуу жылына даярдоо чараларын көрүү максатында Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектен тышкаркы 3- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл өкмөтү тарабынан жергиликтүү бюджеттен Ак-Коргон айыл аймагындагы төмөндө көрсөтүлгөн мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ремонттоого, керектүү эмеректери жана ыссык тамак ашы үчүн акча каражаты ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
- ”Чолпон” МЧББ нын жаңы ачылган тайпасы үчүн 65 000 (алтымыш беш миң) сом.Эмеректер, кроват жана керектүү идиш-аяктар үчүн 200 000 (эки жүз миң) сом. Балдар аянтчасын куруу үчүн 100 000 (жүз миң) сом.
- №42 “И.Исаев” атиндагы негизги жалпы билим берүүчү мектебинин ыссык тамак ашы үчүн 180 112 (бир жүз сексен миң бир жүз он эки) сом. Мектептин ремонту үчүн 100 000 (жүз миң) сом.
- №40 “Ч.Айтматов”мектебинин каридорун оңдоо үчүн 50 000 (элүү миң) сом.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелүү документтерди тактап берүүнү айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин финансы эканомикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Туманбаев |