АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
28-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектен тышкары 3-сессиясы
2021-жылдын 13-июлу № 3-5
Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан жана Сафед-Булан айылдарында таштандыларды таштоо жерин аныктоо чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан жана Сафед-Булан айылдарында көчөлөрдүн санитардык абалын жакшыртуу жана ар-түрдүү оорулардын алуу максатында Ак-Коргон айылдык кеңешинин 28-чакырылышынын кезектен тышкаркы 3- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылынын “Кызыл-Кол” участкасындагы №438 контурунун жайыт жер аянтынан 4,0 га жана Сафед-Булан айылынын “Падек-2” участкасындагы №128 контурунун жайыт жер аянтынан 4,0 га жер трансформациядан чыгарылып таштанды таштоо үчүн пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Жерге болгон тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча комитетинен жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин катчысына жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин укуктук маселелер боюнча жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Туманбаев |