Редакцияот 02.05.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2019-жылдын 2-майы № 203

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо деңгээлин изилдөөнүн натыйжалуулугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-январындагы № 25 "Үй чарбаларды тандап изилдөөнүн статистикасы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "290" деген цифралар "409" деген цифралар менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2019-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

М.Абылгазиев