Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз 21-сессиясы
2020-жылдын 8-июну № 2
Ак-коргон айыл аймагындагы Жалал-Абад областтык өнүгүү фондуна сунушталган проектин бекитүү жөнүндө
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын 08-июнь 2020-жылдагы кезексиз 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Коргон айыл амагында областык өнүгүү фонду аркылуу комбайн сатып алууга каржыланып ишке ашырууга пландаштырылган проектиси жактырылсын.
2. Ак-Коргон айыл аймагы боюнча айыл чарба техникаларын сервисин (Тех.сервис)уюштуруу шарты “10 лет Кыргызстану” айыл чарба кооперативине милдеттендирилсин.
3. Тиешелүү документтерин тактоо жана Жалал-Абад өнүгүү фондуна сунуштоо “10 лет Кыргызстану” айыл чарба кооперативинин жетекчиси М.Сулаймановго жүктөлсүн.
4. Токтом аkkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин агрардык жана финансылк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |