Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезексиз 21-сессиясы
2020-жылдын 8-июну № 4
Ала-Бука райондук сотунун 2019-жылдын 27-ноябрындагы №ГД-562-19-Д2 чечимин турмушка ашыруу жөнөндө
Ак-Коргон айылдык кеңешинин 27-чакырылышынын 08-июнь 2020-жылдагы кезексиз 21-сессиясы жер жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 06-июнь 2020-жыл №1 протоколунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-коргон айыл өкмөтү тарабынан ижарага берилген жер аянтына мыйзамсыз курулган курулуш Баястан айылынын тургуну К.Аскаровго жана Х.турдалиевге 10 күндүк мөөнөт менен бузуп алуу жагы эскертилсин.
2. Курулушту бузуп алуу мөөнөтү эскертүү берилген күндөн баштап 10 күн деп белгиленсин.
3. Курулуштан бошогон жер аянт айыл өкмөтүнүн балансасына алынып мыйзамга ылайык ижарага берилсин.
4. Токтом аkkorgon.com.kg веб сайтынажарыялансын.
5. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
6. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча адиси Т.Отахановго милдеттендирилсин. .
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |