АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 23-сессиясы
2020-жылдын 26-ноябры № 1
Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө
Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаевдин Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетинин жана атайын төлөм каражаттарынын сметасынын киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндөгү билдирүүсүн талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетин жана атайын төлөм каражатын аткарылышын айыл Кеңешинин бюджеттик комиссиясы менен талкуулап чыгып, канаттандырарлык деп белгиленсин.
2. 2020-жылдын 9 айында жергиликтүү бюджетине тармактар жана статьялар боюнча республикалык бюджеттен келген тендештирүүчү грант каражаттары, божомолдон ашыкча жыйналган кирешелерди эсепке алып, өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Токтом аkkorgon.com.kg веб сайтынажарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүүжагыАк-Коргонайылөкмөтүнөжүктөлсүн .
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешининбюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |