АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 23-сессиясы
2020-жылдын 26-ноябры № 3
Ак-Коргон айыл аймагынын Айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражаттарынын 2020-жылдын IV-кварталынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражаттарынын 2020-жылдын IV-кварталынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө финансы бөлүмүнүн башчысы Г.Хамрабаев 2020-жылдын март айынан COVID 19 илдетин куч алып балдар бакчаларын иштебегендигин эске алып чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизуу жөнүндөгү билдируусун талкуулап чыгып, эл депутаттарынын Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Коргон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин акча каражаттарынын 2020-жылдынIV-кварталынын чыгаша бөлүгүнө бала бакчаларын иштебегендигин эске алып 2020-жылга бекитилген сметасынын 2218 тамак аш беренесинен 1170000 (бир миллион бир жүз жетмиш миң) сом акча каражатын справка уводемления негизинде өзгөртүүлөр киргизилсин.
(справка уводемление тиркелет).
2. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
3. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5.Токтомду аткарууну көзөмөлдөө жагы Ак-Коргон айыл кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |