АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 23-сессиясы
2020-жылдын 26-ноябры № 4
Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылындагы №7 ҮДТ аянтына дарыкана куруу чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы Баястан айылынын тургуну Алиев Маьмурали Бекназаровичдин арызын жана № 7 Үй-бүлөлүк даригерлер тобунун эмгек жамаатынын 18.05.2020-ж № 1 протоколун карап чыгып,элдин дары дармекке болгон талабын кандыруу максатында.
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Коргон айыл аймагында Баястан айылындагы № 7 ҮДТ нын жер аянтынан күн батыш тарабынандагы айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигинде болгон жер аянтынан 60 м2 дарыкана куруу үчүн атайын келишимдин негизинде макулдук берилсин.
2. Жерге болгон тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча комитетинен жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |