АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 23-сессиясы
2020-жылдын 26-ноябры № 5
Ак-Коргон айыл аймагынын Падек айылындагы “Т.Жоробаев” мектебинин эски имаратын алдындагы муниципиалдык жер аянтга кичүү футбол аянчасын куруу чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы Падек айылынын тургуну Рысманбетов Нурбек Мураталыевичдин арызын карап чыгып,элдин социалдык турмушун оңдоо жана жаш муундардын спортко болгон кызыгуусун ашыруу, ден соолугун чыңдоо, жаштар арасындагы мийзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу ,жана инвистиция тартуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Коргон айыл аймагында Падек айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги “Т.Жоробаев” атындагы мектептин эски имаратын туштук тарабындагы 0.15 га жер аянтына (убактылуу көп жылдык мөнөткө) кичуу фтбол аянтчасын атайын ижара келишимдин негизинде курууга макулдук берилсин.
2. Жерге болгон тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча комитетинен жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |