Редакцияот 26.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 23-сессиясы

2020-жылдын 26-ноябры № 6

Ак-Коргон айыл аймагынын Баястан айылындагы “А.Атамов ” мектебинин спорт плошадкасында футзал спорт оюну үчүн “Газонное поле” муниципиалдык жер аянтга куруу чаралары жөнүндө

Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы Баястан айылындагы А.Атамов мектебинин эмгек жамаатынын 2020-жылдын 12- ноябрындагы № 1 протоколу карап чыгып, элдин социалдык турмушун оңдоо жана жаш муундардын спортко болгон кызыгуусун ашыруу, ден соолугун чыңдоо, жаштар арасындагы мийзамсыз көрүнүштөрдүн алдын алуу, жана инвистиция тартуу максатында

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Ак-Коргон айыл аймагында Баястан айылындагы айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигиндеги “А.Атамов ” атындагы мектептин спорт аянтчасынан 0.10 га жер аянтына кичуу футбол аянтчасын атайын ижара келишимдин негизинде курууга макулдук берилсин.

 

2. Жерге болгон тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча комитетинен жана айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.

 

4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.

 

5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

М.Инамов