АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 23-сессиясы
2020-жылдын 26-ноябры № 8
Ак-Коргон айыл аймагынын “Баймак” чек ара заставасынын башчысы М.Рашидовдун жоокерлерге тамактануучу ашкананын ремонтуна керектелуучу материалдары жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы “Баймак” чек ара заставасынын башчысы М. Рашитовдун жокерлер тамактануучу ашкана куруу үчүн керектелуучу материалдар жөнүндөгү суроосун карап чыгып,чек ара кызматындагы жоокерлер тамактануусуна шарт жаратып беруу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ак-Коргон айылдык өкмөтү тарабынан “Баймак” чек ара заставасындагы жокерледин тамактануусу үчүн ашкана курууга 15 000 (он беш миң ) сом акча берүүгө макулдук берилсин.
2. Бөлүнгөн акчага тиешелуу документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин финансы бөлүмүнөн жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин социалдык экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов. |