Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 23-сессиясы
2020-жылдын 26-ноябры № 12
ОсОО “Томос Кейджи” фирмасынын арызын кароо жөнүндө
Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясы ОсОО “Томос Кейджи” фирмасынын 04.10.2020 – жылдагы арызын карап, айыл аймактын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү жана инвистиция тартуу максатында
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. ОсОО “Томос Кейджи” фирмасынын жеке ишкери Р.Бегеловдун Сафед Булон айылынан тигүү фабрикасы, аптека, спорт аянтчасы жана соода жайы үчүн тиешелүү жер тилкесин атайын келишимдин негизинде берүүгө макулдук берилсин.
2. Жерге болгон тиешелүү документтерди тактап берүүнү айылдык кеңештин жер маселелери боюнча комитетинен жана айыл өкмөтүнөн суралсын.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин укук жана мыйзамдуулук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |