КѲЛ-ТѲР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кѳл-Тѳр айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы
2021-жылдын 23-сентябры № 14
Көл-Төр айылында жаңы мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине, “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 9-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мектепке чейинки билим берүү уюму жөнүндө” типтүү жобого ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысынын Көл-Төр айылына мектепке чейинки билим берүү уюмун ачуу жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көл-Төр айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын Көл-Төр айылында жаңы №9 мектепке чейинки билим берүү уюму (мекемеси) ачылсын.
2. Көл-Төр айылынын мектепке чейинки билим берүү уюмунун Уставы бекитилсин жана юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Мектепке чейинки билим берүү уюмунун фирмалык аталышы мамлекеттик тилде “Көл-Төр айылындагы №9 мектепке чейинки билим берүү уюму” мекемеси, ал эми расмий тилде “Дошкольная образовательная организация №9 села Көл-Төр” деп катталсын.
4. Мектепке чейинки билим берүү уюму-мекемесине штат бирдигин ачуу, кадрлар менен камсыз кылуу жана методикалык, педагогикалык жардам көрсөтүү жагы Тоң райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
5. Көл-Төр айылына бала бакча ачуу жана анын иштөөсү үчүн тамак-ашын, көмүр-отун, электр энергиясы жана башка чыгымдарына кетүүчү акча каражатын карап чыгып бөлдүрүп берүү жагы Көл-Төр айыл өкмөтүнөн суралсын.
6. Токтом ММКларга жарыялоо үчүн жиберилсин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктук актыларды каттоо реестрине катталсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы этика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият жана спорт боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага | Э.Муканбетов |