ЖАҢЫ – ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы – Жол айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2021-жылдын 15-сентябры № 17
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу "Деко"муниципалдык ишканасынын таштанды чыгаруу боюнча тарифин бекитип берүү жөнүндө
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы "Деко" муниципалдык ишканасынын таштанды чыгаруу боюнча тарифин сессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин, "Деко" муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Мекишовдун билдирүүсүн жана Жаңы-Жол айылдык кеңешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн алдындагы "Деко" муниципалдык ишканасынын таштанды чыгарууда күйүүчү майдын кымбаттаганына байланыштуу таштанды чыгаруунун тарифи 100 (жүз) сомго көтөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Өзүбеков |