Загрузка документа…
ЖАҢЫ – ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаңы – Жол айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2021-жылдын 15-сентябры № 18
Токтогул шаарынын тургуну Г.Батырбекованын Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылынын Тамды участкасындагы өзүнө тиешелүү 0,25га жер аянтынын 200 м.кв. жер аянтына курулуш курууга уруксат берүү жөнүндө
Токтогул шаарынын тургуну Г.Батырбекованын Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылынын Тамды участкасындагы өзүнө тиешелүү 0,25га жер аянтынын 200 м.кв. жер аянтына курулуш курууга уруксат берүү жөнүндө Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүн, айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаңы-Жол айыл аймагынын айыл чарба жер жана агрардык муниципалдык менчик маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.
2. Г.Батырбекованын Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылынын Тамды участкасындагы өзүнө тиешелүү 0,25га жер аянтынын 200 м.кв. жер аянтына курулуш курууга уруксат берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Т.Өзүбеков |