Редакцияот 15.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ – ЖОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жаңы – Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

2021-жылдын 15-сентябры № 19

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө 2021-жылдын жергиликтүү бюджетине " Республикалык бюджеттен жергиликтуу бюджетке өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар" эсебинен келген 3000,0 млн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Жаңы-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнун 2021-жылы кабыл алынган жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар эсебинен келген акча каражатын бөлүштүрүп ,сессияга кароо үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Тойгонбаевдин билдирүүсүнүн негизинде Жаңы-Жол аймагындагы Кызыл-Туу айылындагы мектеп-гимназиясынын подвалын оңдоп, 3 класс жасоого 800 000сом, Кызыл-Туу айылындагы Кадырбек, Мажин, Б.Орозбеков көчөлөрүнүн электр мамычаларын жылдырып, электр чубалгаларын тартууга 150 000сом, Терс жайлоосунун көпүрөсүн жана жолдорун, Ак-Көл жайлоосуна кеткен жолду, көпүрөнү ондоого,Керимбайдын сазындагы көпүрөнү оңдоого 200 000сом, Арал айылындагы таза суу түтүктөрүн, трансформаторун оңдоо иштерине 200 000сом, Кара-Суу айылына Токтогул шаардык мэриясынан түшкөн негизги жолду жана Орто-Кашат участкасына кеткен жолду оңдоого 150 000сом, Жаңы-Жол айылындагы курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштерине 1300 000, Арал айылындагы мектептин спорт аянтчасынын жабдууларын алууга 100 000сом,кичи футбол аянтчасынын ПСДларын жасоого жана экспертизадан өткөрүүгө 100 000сом акча каражаты которулган. Жалпы 3000000 сом акча каражатын сессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин «Экономика бюджет, финансы каражаттары чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар» боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

     1. Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын чечими эске алынсын.

 

2. Жаңы-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнун 2021-жылы кабыл алынган жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттен өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар эсебинен келген акча каражаты, Жаңы-Жол аймагындагы Кызыл-Туу айылындагы мектеп-гимназиясын подвалын оңдоп, 3 класс жасоого 800 000сом, Кызыл-Туу айылындагы Кадырбек, Мажин, Б.Орозбеков көчөлөрүнүн электр мамычаларын жылдырып,электр чубалгаларын тартууга 150 000 сом, Терс жайлоосунун көпүрөсүн жана жолдорун, Ак-Көл жайлоосуна кеткен жолду, көпүрөнү ондоого,Керимбайдын сазындагы көпурөнү оңдоого 200 000сом, Арал айылындагы таза суу түтүктөрүн, трансформаторун оңдоо иштерине 200 000 сом, Кара-Суу айылына Токтогул шаардык мэриясынан түшкөн негизги жолду жана Орто-Кашат участкасына кеткен жолду оңдоого 150 000 сом, Жаңы-Жол айылындагы курулуп жаткан бала бакчанын курулуш иштерине 1300 000, Арал айылындагы мектептин спорт аянтчасынын жабдууларын алууга 100 000сом,кичи футбол аянтчасынын ПСДларын жасоого жана экспертизадан өткөрүүгө 100 000сом, акча каражаты. Жалпы 3000000 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин.

 

Раздел аппарат    70111

 

Кызыл-Туу столба

Кызыл-Туу документация

Көпүрө оңдоо

Арал таза суу түтүк

Кара-Суу айылына жол оңдоо

Статья

 

2215

2215

2221

2221

2215

150000 сом;

100000 сом;

200 000 сом;

200 000 сом;

150 000 сом.

 

Раздел орто мектеп     70921

 

Н.Бримкулов

Тешебаев о.м.

гимн.

2221

2222

800 000 сом;

100 000 сом;

 

Раздел бала бакча     70911

 

Жаңы-Жол б.бакча

 

3111

1300 000 сом;

 

Баардыгы

3 000 000 сом

 

2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине 2021-жылдагы белгиленген пландан ашыкча аткарылган акча каражаттары төмөндөгү разделге статьяларга бөлүнүп берилсин. "Деко" муниципалдык ишканасына обл фонддон ГАЗ-53 автомашинасын алууга өздүк салым үчүн 177 300 сом бөлүнүп берилсин.

 

Раздел аппарат 70111

 

Раздел бала бакча

Раздел аппарат

статья

70911

70111

3112

2231

2511

177 300 сом ;

статьясынан

статьясына 27 000 сом жылдырылсын.

 

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

5. Бул токтом www.Jany-jol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Т.Өзүбеков