Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезектеги VIII сессия
2021-жылдын 30-сентябры № 2
Жалал-Абад шаарынын аймагында эт, сүт азыктарынын сапаты, сертификаттары, мал союулуучу жана эт сатылуучу жайлардын абалы жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин статусу жөнүндө» мыйзамынын жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин ѳнѳр-жай, айыл чарба, ишмердүүлүк жана соода боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылга карата иш планынын негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин өнөр-жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 13-сентябрындагы отурумунда каралган шаардагы эт, сүт азыктарынын сапаты, сертификаттары, мал союлуучу жана эт сатылуучу жайлардын абалы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгына:
- Жалал-Абад шаарындагы мал союулуучу жайларда эмгектенген жумушчулар атайын кийимдер менен (форма, фартук) жана санитардык китепчеси менен камсыздоосун кѳзѳмѳлгѳ алуу;
- Базарлардын базар башчыларына азык-түлүктөрдүн жана эттердин өзүнчө сатылуусуна жана сакталышына толук көзөмөл жүргүзүү;
- Баэл №2,Спутник №2 мал союлуучу жайлардын ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берилбегендиктен, мал союулуучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуу сунушталсын жана бир айлык мѳѳнѳттѳ кемчиликтерди жоюу жагы милдеттендирилсин.
3. Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборуна Жалал-Абад шаарындагы эт, сүт азыктарынын сапатын, сертификаттарын жана мал союулуучу жайларга тынымсыз рейддерди жүргүзүп, санитардык абалын кароо боюнча иш чараларды күчѳтүү жагы милдеттендирилсин.
4 Жогорудагы кемчиликтерди бир айлык мѳѳнѳттѳ жоюу жана токтомдун аткарылышы боюнча Жалал-Абад шаардык кеңешине маалымат берүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына милдетендирилсин.
5 Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
6 Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңешинин ѳнѳр жай, айыл чарба, ишмердүүлүк жана соода боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
Н. Орозбаев |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин өнөр-жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода
боюнча туруктуу комиссиясынын мал союлуучу жайлардын абалы боюнча
ТАКТАМАСЫ
13.09.2021-жыл | Жалал-Абад шаары |
Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 2021-жылга карата келечектүү иш мерчеминин негизинде, шаардагы эт, сүт азыктарынын сапаты, сертификаттары, мал союулуучу жана эт сатылуучу жайлардын абалын текшерүү максатында өнөр-жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан 2021-жылдын 13-сентябрь айында жеринде барып текшерилип, таанышуу иштери жүргүзүлдү.
Текшерүү учурунда мал союулуучу жайлардан төмөнкүлөр аныкталды:
Жалал-Абад шаарында «Береке» базарында 8, «Борбордук» базарда 22, шаар аймагында 15 жалпы 55 эт сатуучу дүкөн бар. Борбордук базарда жайгашкан «Амантур» базарында 5 соодагер сүт азыгын сатат. Жалал-Абад шаарынын аймагында 6 мал союулуучу жай бар. Бүгүнкү күндө 5 мал союулуучу жай иштеп келет. Алар төмөндөгү таблицада:
№ | Аталышы | Дареги |
1 | Спутник №1 | Манас №1 |
2 | Спутник №2 | Манас №2 |
3 | Ясин | Индустриальный к. |
4 | Баэл №2 | Көк-Арт кичи шаарчасы |
5 | А/О азык | ВЛКСМ к. |
Ар бир ветеринардык адис жогорку жана орто билимдүү. Ветеринардык адистер мал союлчу жайга кирген мал жандыктарды клиникалык кароодон өткөрүп жана коштоочу ветеринардык күбөлүк форма-1а негизинде мал жандыктарды союуга уруксат берет.
Мал сойгондон кийин ветеринардык адистер тарабын малдын ички мүчөлөрүн көрүп ошол эле ветеринардык адис тарабынан форма-2а коштоочув етеринардык күбөлүгү менен борбордук базарда жайгашкан Ветсанэкспертиза лабороториясына жөнөтүлөт.
Ветсанэкспертиза лабороториясы тарабынан малдын тушасын текшергенден кийин лаборотория тарабынан протокол иштелип чыгып андан кийин базарга сатууга уруксат берилет.
Бүгүнкү күндө мал союлчу жайлар толук кандуу иштеп жатышат, келген мал жандыктарды сойгондон кийин жууп тазалап, кушкананы дезинфекциядан өткөрүшөт.
Эт павильонунда санитардык абал талапка жооп бербейт. Өздүк гигиена үчүн шаймандар менен камсыз болгон эмес. Сатуучулар ѳздүк гигиенаны толук сакташпайт. Сатууга келген эттер атайын мал союулуучу жайда союлуп, ветеринардык коштоочу документтери менен алынып келет.
Мындан сырткары төмөндөгү кемчилдиктер аныкталды:
Ичеги-карын саткан жер эч кандай ветеринардык-санитардык талапка жооп бербейт.Баардык базарларда азык-түлүктөр менен бирге кир жуучу каражаттар, парфюмериялык жана чарбалык заттар менен бирге аралашып сатылууда. Бул талапка жооп бербейт. Азык-түлүктөр өзүнчө сатылууга тийиш. Базарлардын базар башчыларына азык-түлүктөрдүн өзүнчө сатылуусуна жана сакталышына толук көзөмөл жүргүзүүсү зарыл.
1.Спутник №1 мал союлуучу жайдын кире беришинде атайын залалсыздандыруучу дезомак коюлган, бирок опилкага аралашма хлор суюуктугу аралашкан эмес. Дезомакка коюлган опилкалар жука. Мал союлуучу бөлмөдө санитардык абалы начар жууп, тазалоо иштери жүргүзүлбөгөн. Жумушчулар атайын кийүүчү кийимдер менен камсыз болбогон жана өздүк санитардык китепчелери да жок.
2.Спутник №2 мал союлуучу жайдын кире беришинде атайын залалсыздандыруучу дезомат коюлган, бирок опилкага аралашма хлор суюуктугу аралашкан эмес.
Мал союлуучу бөлмөдө санитардык абалы начар жуу, тазалоо иштери жүргүзүлбөгөн. Жумушчулар атайын кийүүчү кийимдер менен камсыз болбогон жана өздүк санитардык китепчелери да жок. Залалсыздандыруу иштери жүргүзүлбөгөндүктөн жагымсыз жыттанып турат.
3. Ясин мал союлуучу жайдын кире беришинде атайын залалсыздандыруучу дезомак коюлган, бирок опилкага аралашма хлор суюуктугу аралашкан эмес. Дезомака коюлган опилкалар жука. Мал союлуучу бөлмөдө санитардык абалы начар жуу, тазалоо иштери жүргүзүлбөгөн. Залалсыздандыруу иштери жүргүзүлбөнгөндүктөн жагымсыз жыттанып турууда. Жумушчулар атайын кийүүчү кийимдер менен камсыз болбогон жана өздүк санитардык китепчелери да жок.
4. Баэл №2 мал союлуучу жайдын кире беришинде атайын залалсыздандыруучу дезомак жок. Мал союлуучу бөлмөдө санитардык абалы начар жуу, тазалоо иштери жүргүзүлбөгөн. Залалсыздандыруу иштери жүргүзүлбөнгөндүктөн жагымсыз жыттанып турууда. Жумушчулар атайын кийүүчү кийимдер менен камсыз болбогон жана өздүк санитардык китепчелери да жок.
5. “Азык” АК мал союлуучу жайдын кире беришинде атайын залалсыздандыруучу дезомак жок. Мал союлуучу бөлмөдө санитардык абалы начар жуу, тазалоо иштери жүргүзүлбөгөн. Залалсыздандыруу иштери жүргүзүлбөнгөндүктөн жагымсыз жыттанып турууда. Жумушчулар атайын кийүүчү кийимдер менен камсыз болбогон жана өздүк санитардык китепчелери да жок.
Мал союулуучу жерлерге карата ветеринардык-санитардык талаптар:
Мал союлуучу жайлардын кире бериш жеринде дезомак 10-15 сантимерден кем эмес опилкага аралаш хлор эритмеси болуусу зарыл. Эмгектенген жумушчулар атайын кийимдер менен камсыз болушу керек (форма, фартук) жана санитардык китепчеси болуусу зарыл.
Мал союу пункттары үч негизги зонага ээ болууга тийиш:
1) Союу алдында малды кармоо зонасы, союу алдындагы малды кабыл алуу, ветеринардык кароо жана кармоого арналган. Анда дени сак мал үчүн короолор (ачык жана бастырмасы менен), алдын-алуубөлүмү (карантиндик короо жана изолятор), малды жүктөө үчүн платформа, таразалар жайгашат.
2) Негизги өндүрүш зонасы, ал жерде мал союлат, жиликтенет, субпродуктуларды, майларды, ичеги-карын жана жүн-тери чийки заты иштетилип, муздатылып, тоңдурулуп жана эт туздалат, Бул зонага союу-жиликтөө өлүмү, муздаткыч, терини туздоо жана утилге чыгаруу бөлүмү кирет;
3) Көмөкчү курулуштар зонасы администрациялык имаратты, чарбалык курулуштарды, канализациялык жабдууларды ж.б. камтыйт.
дезинфекциялоо – адамдын жана жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын козгогучтарын (бактериялар, вирустар, козу карындар, риккетсиялар, эңжөнөкөйлөр) жок кылуу боюнча иш-чаралардын комплекси жана биологиялык коопсуздукту камсыз кылууда маанилүү звено болуп саналат;
- дезинсекциялоо – тышкы чөйрөдө зыяндуу курт-кумурскаларды жана жаныбарлардын жана адамдын жугуштуу ооруларынын козгогучтарын жана алып жүрүүчүлөрүн жок кылуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- дезинвазиялоо – тышкы чөйрөдө адамдын жана малдын инвазиялык мите ооруларынын козгогучтарынын түйүлдүк элементтерин (жумурткаларды, личинкалардыж.б.) жок кылуубоюнча иш-чараларды жүргүзүү;
- дератизациялоо – адам жана жаныбарлар үчүн коркунучтуу көптөгөн жугуштуу ооруларды таратуучуларды, ошондой эле жүктөрдү (товарларды) бузууга жөндөмдүү зыяндуу кемирүүчүлөрдү жок кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүү;
- дезинфекциялоочу, инсектициддик жана дератизациялык каражаттар – органикалык жана органикалык эмес мүнөздөгү химиялык кошулмалар (уу химикат), алардын түздөн-түз аракети же таасири астында ветеринардык көзөмөл объекттеринде малдын жугуштуу ылаңдарынын козгогучтары, өрчүп-өсүүнүн ар кайсы стадиясындагы курт-кумурскалар, ошондой эле жугуштуу ооруларды алып жүрүүчү жана таратуучу кемирүүчүлөр жок кылынат;
- дезинвазиялык каражаттар - органикалык же органикалык эмес мүнөздөгү (антигельминтиктер) химиялык кошулмалар, алардын түздөн-түз таасири астында организмдеги же тышкы чөйрөдөгү инвазиялык (паразитардык) оорулардын козгогучтары жок кылынат.
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин өнөр-жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясынын тактамасынын
Чечими:
8. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин өнөр-жай, ишмердүүлүк, айыл чарба жана соода боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 13-сентябрындагы отурумунда каралган шаардагы эт, сүт азыктарынын сапаты, сертификаттары, мал союулуучу жана эт сатылуучу жайлардын абалы жөнүндө жогорудагы маселе Жалал-Абад шаардык кеӊешинин сессиясына кароого алып чыгуу сунушталсын.
9. Сессянын чечими менен төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
Жалал-Абад шаарынын мэриясына, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча кызматынын Жалал-Абад шаардык башкармалыгына:
- Жалал-Абад шаарындагы мал союулуучу жайларда эмгектенген жумушчулар атайын кийимдер менен (форма, фартук) жана санитардык китепчеси менен камсыздоо.
- Базарлардын базар башчыларына азык-түлүктөрдүн жана эттердин өзүнчө сатылуусуна жана сакталышына толук көзөмөл жүргүзүү
- Баэл №2,Спутник №2 мал союлуучу жайлардын ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берилбегендиктен, мал союулуучу жайлардын ишмердүүлүгүн токтотуп, жабуу
10. Жалал-Абад шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборуна:
- Жалал-Абад шаарындагы эт, сүт азыктарынын сапатын, сертификаттарын жана мал союулуучу жайларга тынымсыз рейддерди жүргүзүп, санитардык абалын кароо.
Комиссиянын төрагасы | У.Маматов |
Комиссиянын катчысы | А.Каныбекова |