Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IX чакырылыш кезектеги VIII сессия
2021-жылдын 30-сентябры № 3
Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн аталышыны өзгөртүү жана шаардын жаӊы көчөлөрүнө ысым ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөргтүү боюнча” Жобосунун негизинде, “Курманбек”, “Достук” жана Т.Тайгараев атындагы аймактык башкарууларынан келип түшкөн катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин социалдык, укуктук маселелелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комисссиясы карап, комиссиянын корутундусуна ылайык, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Курманбек кичи районунун Курманбек-2 кѳчѳсүнүн аталышы Алымкулов Токторали Алимбековичдин (лат. Alymkulov Toktorali Alimbekovich) атына өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктын Котур Каман-1 көчөсүнүн аталышы Маматов Нурказы Исмаиловичдин (лат. Mamatov Nurkazy Ismailovich) атына өзгөртүлсүн.
3. Жалал-Абад шаарындагы Курманбек аймактык башкаруусунун Кустарный көчөсүнүн аталышы Алимбаева Татьяна Юсупжановнанын (лат. Alimbaeva Tatyana Yusupjanovna) атына өзгөртүлсүн.
4. Жалал-Абад шаарынын Тайгараев-1 туюк кѳчѳсүнүн аталышы Мырзалиева Ирсалаттын (лат.Myrzalieva Irsalat) атына ѳзгѳртүлсүн
5. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөлөрдү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаӊы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
7. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комисссиясына жүктөлсүн.
8. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
Н. Орозбаев |