Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз Х сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 35
Каргалык айылдык кеңешинин Регламентин жаңы мыйзамга ылайык бекитүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын маалыматын угуп жана талкуулап,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)
кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин “Жергиликтүү кеңештин Типтүү регламенти” жөнүндөгү 2022-жылдын 14-мартындагы №56 буйругуна ылайык Каргалык айылдык кеңешинин регламенти бекитилсин (регламент тиркелет).
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына, айыл өкмөтүнүн башчысына айыл өкмөтүнүн аппаратына жана айыл өкмөтүнүн аймагында турган мекеме-ишканаларга, коомдук уюмдарга жүктөлсүн.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И.Токтоболотов |