Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз Х сессиясы
2022-жылдын 30-июну № 37
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 29-июнундагы № 01-22/648 сандуу чыгыш катын кароо (техниканын тарифи боюнча)
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап,
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын)
кезексиз Х сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына караштуу “Хундай” маркасындагы эксковатор техникасынын тарифи төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин;
а) жеке тургундар үчүн саатына - 2000 сом суммасында,
б) юридикалык жактар үчүн саатына - 3000 сом суммасында,
в) мындан тышкары дизелдик отунга (соляркага) саатына - 15 литрден.
2. Бул токтомдо көрсөтүлгөн тарифтердин деңгээлин кармап аткаруу жагы «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге жана айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн «Таза кызмат» муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Казиевге жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: |
Т.И.Токтоболотов |