Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз ХII сессиясы
2022-жылдын 16-сентябры № 52
“Каргалык айыл аймагынын Жергиликтүү жамааттарынын өкүлдөрүнүн Курултайын чакыруу жөнүндө”
Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 15.09.2022-жылдагы чыгыш № 01-16/2906 сандуу катын негиздеп, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын берген сунушун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
Каргалык айыл аймагында Жергиликтүү Курултай 2022-жылдын 5-ноябрь күнү саат 10: 00дө Казарман айылындагы Маданият үйүнүн имаратында өткөрүлсүн.
Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо үчүн айыл аймактын төмөнкүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн; Казарман, Макмал, Чет-Булак айылы.
Каргалык айыл аймагы боюнча делегаттардын жалпы саны 100 (жүз) адам деп бекитилсин жана аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй иретте көрсөтүлсүн;
Казарман айылы боюнча делегаттардын саны - 80 адам;
Чет-Булак, Макмал айылы боюнча делегаттардын саны - 20 адам;
Ар бир аймактык бөлүктөрүндө Жергиликтүү Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин;
Чет-Булак айылында 2022-жылдын 17 - октябрь күнү саат 10:00дө Маданият үйүнүн имаратында;
Казарман айылында 2022-жылдын 18 - октябрь күнү саат 10:00дө Маданият үйүнүн имаратында;
Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир аймактык бөлүгүндө жыйындарды өткөрүү үчүн жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин;
Жээналиев Майрамбек Макенович - Чет-Булак айылы боюнча,
Атыканов Анарбек Кадыкеевич - Казарман айылы боюнча.
Жергиликтүү Курултайды өткөрүүнү даярдоо жана уюштуруу боюнча жумушчу топтун курамынын саны 11 (он бир) адам деп бекитилсин жана төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн;
Токтоболотов Таалайбек Иманович - жумушчу топтун төрагасы, айылдык кеңешинин төрагасы,
Акматова Жаңылбүбү Токтосуновна - жумушчу топтун катчысы, айылдык кеңештин жооптуу катчысы,
Атыканов Анарбек Кадыкеевич - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты,
Мукашов Сталбек Мукашович - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты,
Бакасова Нурлана Бакасовна - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты,
Жээналиев Майрамбек Макенович - жумушчу топтун мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты,
Чөкөнбаева Майрамбүбү Орозмамбетовна - жумушчу топтун мүчөсү, Каргалык айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин мүчөсү,
Сулайманова Рима Карыпбаевна - жумушчу топтун мүчөсү, Каргалык айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрайымы,
Абдыманбетов Арафат Аканович - жумушчу топтун мүчөсү, айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи,
Чыбылдиев Урматбек Турарович - жумушчу топтун мүчөсү, Каргалык айыл өкмөтүнүн айыл башчысы,
Балапанов Нурланбек Манапбаевич - жумушчу топтун мүчөсү, Каргалык Чет-Булак айылынын айыл башчысы,
2022-жылдын 1-ноябрына чейин жергиликтүү кеңешке Жергиликтүү Курултайдын делегаттарын көрсөткөн жыйындардын, чогулуштардын протоколдорун жана делегаттардын анкеталары менен берүү Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча тийиштүү комиссияларга милдеттендирилсин.
Жергиликтүү Курултайдын делегаттарына 2022-жылдын 4-ноябрынан кечиктирбей мандаттарын тапшыруу жагы жергиликтүү кеңешке жана Жергиликтүү Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча тийиштүү комиссияларга жүктөлсүн.
Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына
жарыялансын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Токтоболотов Таалайбек Имановичке тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин
төрагасынын орун басары: Н.А.Тагайбекова