Загрузка документа…
АК-ТАТЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
2022-жылдын 27-декабры № 35
Ак-Татыр айыл аймагына мүлк салыгынын түрлөрүн киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 23-декабрындагы № 024/22/03-6/4146 чыгыш катынын негизинде,” Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө”мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Ак-Татыр айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы токтом кылат
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып салыктын төмөнкү түрлөрүнө мүлк салыгы киргизилсин.
1) Турак жай имараттары жана жайлары.
2) Турак жай эмес имараттар, курулмалар, жана жайлары.
3) Үйдүн жанындагы жер, короо-жай жана багбанчылык-чарбак участоктору.
4) Айыл чарба жерлери.
5) Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер.
6) Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары.
2. Ушул токтомдун аткарылышы Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Ак-Татыр айылдык кеңешинин финансы бюджет жана экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: |
Ибраим уулу Т. |