Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 25-ноябры № 74
Жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Алты-Адыр участкасындагы калктуу конуштун башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде иш алып барып, кеткен чыгымдарын каржылоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: | Ж. Шадиманова |