Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII Сессиясы
2022-жылдын 25-ноябры № 76
Достук айылындагы жер аянтын трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июль айындагы 145 "Жерлерди которуу ( трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13-беренесинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы № 169 сандуу токтомун жетекчиликке алып, калктын муктаждыгы үчүн жер аянтын которууга макулдук берүү үчүн Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылыны аймагынан №12-контурундагы 0,30 га жер аянты, №559-контурундагы 0,80 га жер, №560-контурундагы 0,50 га жер, №561-контурундагы 0,20 га жер, №707-контурундагы 1,60 га жер, №708-контурундагы 0,60 га жер, №709-контурундагы 0,10 га жер аянттары таштуу жайыт жер, №706-контурундагы 0,10 га жер аянты айдоо жер (парник) жалпы 5,7 га жер аянтын социалдык обьектилерди жана турак-жай куруу үчүн “Айылчарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу коштун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин .
2. Жогоруда белгиленген жер аянтынын мындан аркы трансформациялоо иш кагаздарын даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: | Ж. Шадиманова |