Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII Сессиясы
2022-жылдын 25-ноябры № 77
Жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча комитетинин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Кызыл-Бел айылындагы муниципалдык менчиктеги жер аянтынын башкы планын өзгөртүүгө макулдук берүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылындагы К.Турмаматов мектебинин түндүк тарабындагы муниципалдык менчикттеги жер аянтынын башкы планына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун негизинде иш алып барып, кеткен чыгымдарын каржылоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: | Ж. Шадиманова |