Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII Сессиясы
2022-жылдын 25-ноябры № 79
Кара-Бак айылындагы көчөнүн атын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылындагы тургундардын кайрылуусун карап чыгып, Кара-Бак айылдык кеңешинин Укук жана мыйзамдуулук комитетинин депутаты Алтынбек уулу Адилеттин билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айылындагы көчөнүн атын өзгөртүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылындагы “Достук” көчөсүн “Саттаров Турдубай” атындагы көчө деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш-кагаздарын даярдап каттоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы: | Ж. Шадиманова |