Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-сентябры № 2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Жар-Башы айылындагы Н.Кармышев атындагы орто мектебине кошумча корпус курууга макулдук берүү жөнүндө
Жар-Башы айылынын депутаттары Г.Мадалиевдин, А.Жусуповдун, К.Жусупованын Жар-Башы айылындагы Н.Кармышев атындагы орто мектебине кошумча корпус курууга макулдук сураган сунушу боюнча Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын 23-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Жар-Башы айылындагы Н.Кармышев атындагы орто мектебине кошумча корпус курууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г. Мадалиев |