Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 15-сентябры № 3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылындагы Дара участкасындагы Таза суу курулмасына Кичи-Молобай участкасындагы булак суусун башкы курулмага кошуу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн “Турак жай жана Комуналдык чарба ” муниципалдык ишканасынын жетекчиси М.Кадыровдун Дароот-Коргон айылындагы Дара участкасындагы Таза суу курулмасына Кичи-Молобай участкасындагы булак суусун башкы курулмага кошууга макулдук сураган сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын 23-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылындагы Дара участкасындагы Таза суу курулмасына Дара участкасындагы Кичи-Молобайдан каптажка чейин 2545м2 жолго кошумча суу түтүктөрүн тартууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык даярдап иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы И.Эрмаматовго жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына жүктөлсүн.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г. Мадалиев |