Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 1-ноябры № 2
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн акча каражатын бөлүштүрүү долбоорун угуп талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын 24-сессиясынын кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине кошумча түшкөн 2 462 000 сом акча каражаты айыл өкмөттүн 2022-жылдагы бюджетине толукталып төмөнкүдөй болуп бөлүнүп жумшалсын.
- аппаратка 432 000 сом
- мектептерге 350 000 сом
- бала бакчаларга 450 000 сом
- социалдык коргоого 80 000 сом
- ЖКХ 1 100 000 сом.
- маданий иш чараларга 50 000 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г. Мадалиев |