Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 1-ноябры № 3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы О.Сейдановдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө долбоорун угуп талкуулап Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын 24-сессиясынын кезектеги отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-жылдагы бюджетинин ЖКХ бөлүмүнүн 3112 беренесинен 200 000 сом кыскартылып мектеп бөлүмүнүн 2222 беренесине 150 000 сом ал эми бала бакча бөлүмүнүн 2222 беренесине 50 000 сом жылдырып жумшалсын.
2. Бала бакча бөлүмүнүн 2221 беренесинен 90 000 сом кыскартылып бала бакча бөлүмүнүн 2222 беренесине жылдырылып жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г. Мадалиев |