Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 24-сессиясынын кезектеги отурумунун

 

2022-жылдын 1-ноябры № 4

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга өнүгүү стратегиялык планын бекитүү жөнүндө

(Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Эрмаматов Ислам Жолдошбаевичтин жана жооптуу катчы Ж.Эсеналиевдин Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга карата өнүгүү стратегиялык планын Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын 24-сессиясынын кезектеги отуруму угуп талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн 2022-2026-жылдарга карата түзүлгөн өнүгүү стратегиялык планы № 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

2. Ушул өнүгүү стратегиялык планга ылйык иш алып баруу жагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысына жана жалпы аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.

- Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылындагы борбордук жалпы дарыгерлердин практикалык борборун “АРИС” долбоорунун алкагында медициналык жабдыктар менен камсыз кылуу

(Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 10 токтомунун редакциясына ылайык)

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана  социалдык-экономикалык өнүгүү, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Чоң-Алай айылдык кеңешинин

төрагасы:

 

Г. Мадалиев