Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясынын
2022-жылдын 31-майы № 24
Айылдык кеңештин депутаттарынын өз округундагы шайлоочуларына берген отчету жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамырованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) №1-Макмал, №2-Казарман, №3-Аэропорт жана №4-Жаңыбаева шайлоо округдарынан шайланган депутаттардын өз округдарындагы шайлоочулардын алдында берген отчеттору канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Каргалык айылдык кеңешинин депутаттарына өз округдарындагы шайлоочулар тарабынан коюлган суроо-талаптар айыл өкмөтү менен биргеликте өз убагында аткарууга алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А. Артыкбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.И. Токтоболотов |