Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясынын
2022-жылдын 31-майы № 26
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 27-майындагы № 01-22/470 сандуу чыгыш катын кароо боюнча (хоккей аянтчасына жер бөлүп берүү)
Каргалык айылдык кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Жээналиев Майрамбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылынын Бектен көчөсүнүн күн батыш тарабындагы кичи футбол аянтчасынын жанынан балдар ойноочу хоккей аянтчасына узуну - 60 метр, туурасы - 30 метр болгон жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Бул боюнча тиешелүү иш кагаздарын бүткөрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси У.Матиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Жээналиев Майрамбекке милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.И. Токтоболотов |