Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясынын
2022-жылдын 31-майы № 28
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 27-майындагы № 01-22/470/1 сандуу чыгыш катын кароо жөнүндө (жол боюнча)
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Торо районундагы Казарман, Долоно, Чет-Булак калктуу пункттарындагы автоунаа жүрүүчү жол Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында тургандыгы белгиленсин.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Казарман, Долоно, Чет-Булак калктуу пункттарындагы автоунаа жүрүүчү - 9,7 км жолду көзөмөлгө алуу жагы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен суралсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.И. Токтоболотов |