Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясынын
2022-жылдын 31-майы № 29
Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу» номинациясына сунуштоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаштарга билим-тарбия берүүдөгү көп жылдык үзүрлүү эмгеги, тармакты өнүктүрүүгө, мамлекеттин саясатын, маданиятын жайылтууга, аялдардын коомдогу активдүүлүгүн жогорулатууга кошкон салымдары, жаш мугалимдерге көрсөткөн насааты, коомдук иштерге активдүү катышкандыгы, жогорку кесиптик чеберчилиги жана зор жетишкен ийгиликтери үчүн Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак Грамотасынын”, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын “Ардак Грамотасынын”, Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын жана областтык Кеңештин “Грамотасынын”, Жалал-Абад областтык билим берүү жана маданият башкармалыгынын “Ардак Грамотасынын”, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын эки жолку “Ардак Грамотасынын”, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин Баштапкы кесиптик билим берүү боюнча башкармалыгынын “Кыргыз Республикасынын Баштапкы кесиптик билим берүүнүн отличниги” төш белгисинин ээси, учурда Тогуз-Торо районундагы Т.Токтоналиев атындагы №45 кесиптик лицейдин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеп жаткан Курманбаева Индира Акматовна Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Бул сунушту колдоп берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.И. Токтоболотов |