Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясынын
2022-жылдын 31-майы № 30
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 21-апрелиндеги № 01-22-331 сандуу чыгыш катын кароо (хоккей аянтчасына акча каражатын бөлүү)
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын Казарман айылындагы Бектен көчөсүнүн күн батыш тарабына курулуучу балдар ойноочу хоккей аянтчасынын долбооруна “Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондусуна” 1 159,4 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын бөлүп берүү жагы сунушталсын.
2. Балдар ойноочу хоккей аянтчасынын долбооруна Каргалык айыл өкмөтүнүн өздүк салымынан 400,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын каржылоо жагы каралсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Г.Өзүкановага жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.И. Токтоболотов |