Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясынын
2022-жылдын 31-майы № 31
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 27-майындагы № 01-22/471 сандуу чыгыш катын кароо боюнча (беренелерден жылдыруу)
Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп тармагынын чыгаша бөлүгүнө 2221 учурдагы оңдоо чыгым беренесинен А.Абдраимов атындагы орто мектебине каралган - 288,4 миң сом акча каражатынан Тоту Мойдунов атындагы Макмал орто мектебинин 2221 учурдагы оңдоо чыгым беренесине - 188,4 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
2. Башкаруу тармагынын чыгаша бөлүгүнөн 3112 машина жабдуулар беренесиндеги компьютер алуу үчүн каралган - 132,0 миң сом акча каражатын укук бузууларды алдын алуу максатында Казарман айылындагы Т.Кожалиев атындагы көчөсүнө -1 даана, Т.Жээналиев атындагы көчөсүнө - 1 даана видео камера орнотуу үчүн 3112 машина жабдуулар беренесине - 132,0 миң сом акча каражаты жылдырылып берилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.А.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.И. Токтоболотов |