Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясынын
2022-жылдын 31-майы № 32
Каргалык айыл өкмөтүнүн ижара жана турак жай жерлерин инвентаризациялоо боюнча комиссия түзүү
Каргалык айылдык кеңешинин алдындагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги IХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Каргалык айыл аймагына караштуу ижара жана турак жай жерлерин инвентаризациялоо боюнча Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 15-главасынын 15.2-пунктуна ылайык, төмөндөгүдөй курамда 7 адамдан турган убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн:
1. Жээналиев Майрамбек Макенович - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты.
2. Бекташов Бексултан Толбаевич - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты.
3. Казыбеков Элетбай Атырбекович - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты.
4. Бакасова Нурлана Бакасовна - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты.
5. Токтоболотова Назгүл Рысбековна - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты.
6. Мукашов Сталбек Мукашович - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты.
7. Жолокеев Нурадил Турсунбекович - Каргалык айылдык кеңешинин депутаты.
II. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
III. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Каргалык айылдык Кеңешинин “Өнөр жай, курулуш, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Жээналиевге жана «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы |
Т.И. Токтоболотов |