Редакцияот 05.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 5-ноябры № 2

Таштандыларды таштоочу жана сактоочу жайга ажыратылган жерди рекультивациялоо жөнүндө

Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. Таштандыларды таштоочу жана сактоочу жайга ажыратылган 4,60 га жер аянтын таза кармоо максатында, таштандыга толгон бөлүктөрүнө рекультивациялоо жүргүзүлсүн жана көрсөтүлгөн талаптар толук аткарылсын.

 

2. Таштандыларды убагында таштанды төгүүчү жайга төгүп туруу “Достук тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Н.Мадалиев