Загрузка документа…
ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 5-ноябры № 4
Достук айыл аймагындагы катуу турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгуу жана жайгаштыруу боюнча тарифти бекитүү жөнүндө
Достук айылдык кенешинин XХVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айыл аймагынын каттуу турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу тарифи төмөнкүдөй бекитилсин:
- 1 жаранга 1 айга-30 сом 40 тыйын;
- 1 кожолукка 1 айга - 208 сом 70 тыйын;
- юридикалык жактарга 1м куб 1 айга – 280 сом 60 тыйын.
2. Айыл өкмөтүнүн аярлуу катмарынын 54 жаранга катуу турмуш тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу 50% жеңилдетип берилсин.
3. Калктын аярлуу катмарына берилген жеңилдиктер айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин Укук жана Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Н.Мадалиев |