Редакцияот 05.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 5-ноябры № 6

Муниципалдык соода борборун курууга берилген жер тилкесинин максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө

Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары А.Бекибаевдин маалыматы эске алынсын.

 

2. Шамалды-Сай айылынын Ленин көчөсүнөн муниципалдык соода борборун курууга 3040310010181 идентификациялык номери менен берилген 6945,0 м.кв. жер тилкесинин 1000,0 м.кв.жери айылдык китепкана курууга, 5945,0 м.кв. жери сейил бак курууга деп өзгөртүлсүн.

 

3. Тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы Ноокен районунун шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук филиалынан суралсын.

 

4. Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлсүн.

 

Айылдык кеңештин төрагасы

Н.Мадалиев