ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-декабры № 18
“Ак-Терек айылындагы кичи футбол аянтчасына жана күрөш залына Такырбашев Жылкыбайдын атын коюуга макулдук берүү жөнүндө”
Жаргылчак айыл аймагынын Ак-Терек айылындагы кичи футбол аянтчасына жана күрөш залына Такырбашев Жылкыбайдын атын коюуга макулдук берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VI сессиясы токтом кылат.
1. Жаргылчак айыл аймагындагы Ак-Терек айылынын жашоочуларынын элдик жыйынынын № 3 протоколу бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Ак-Терек айылындагы кичи футбол аянтчасына жана күрөш залына Такырбашев Жылкыбайдын ысымы ыйгарылсын.
3 . Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Д. Кызалаков. |