Редакцияот 11.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 11-октябры № 15

“Күзгү айдап себүүгө сатылып келинген үрөндүк буудайды таратууда дыйкандар менен түзүлүүчү келишим жөнүндө”

“Жаргылчак айыл өкмөтүндө күзгү айдап себүүгө сатылып келинген үрөндүк буудайды таратып берүүдө дыйкандар менен келишим түзүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын V сессиясы токтом кылат.

 

1. Аймакта күзгү айдап себүүгө сатылып келинген үрөндүк буудай үрөнү дыйкандарга таратылып берилсин.

2. Репродукциясын сактап калуу максатында дыйкандар менен сатылып келинген баада төлөп берүү келишими түзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж.Ж.Молдакунов