Редакцияот 11.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 11-октябры № 13

“Ак-Терек айылынын жашоочусу Калыгулов Нурбек Сагынбекович жөнүндө”

Ак-Терек айылынын жашоочусу Калыгулов Нурбектин дүкөнүндө сатылып жаткан жасалма арак, медициналык спирт продуктыларынын жана күйүүчү-майлоочу материалдарынын мыйзамдуулугун аныктоо максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын V сессиясы токтом кылат.

 

7. Ак-Терек айылынын жашоочусу Н.Калыгуловдун дүкөнүндө сатылып жаткан медициналык спирт, спирт ичимдиктеринин жана күйүүчү-майлоочу материалдарынын мыйзамдуулугу аныкталсын.

8. Медициналык спирт, спирт ичимдиктеринин жана күйүүчү майлоочу материалдарынын мыйзамдуулугун текшерип аныктоону райондук тийиштүү органдардан суралсын.

9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ж.Ж.Молдакунов