Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-июну № 6
“Кичи-Жаргылчак айылынын “Ак-Кыя” участогундагы илгерки салынып келип токтоп калган жолду таштанды таштоочу жай катары пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө”
Кичи-Жаргылчак айылынын айылдык чогулушунда “Ак-Кыя” участогундагы илгерки салынып келип токтоп калган жолду таштанды таштоочу жай катары пайдаланууга макулдук берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III сессиясы токтом кылат.
1. Кичи-Жаргылчак айылынын айылдык чогулушунда “Ак-Кыя” участогундагы илгерки салынып келип токтоп калган жолду таштанды таштоочу жай катары пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздары менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн Кичи-Жаргылчак айылынын айыл башчысы Бакчиев С. тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Ж.Молдакунов |