Загрузка документа…
ЖАРГЫЛЧАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 30-июну № 4
“Жаргылчак айыл аймагында чакан ГЭСтерди курууга макулдук берүү жөнүндө”
Жаргылчак айыл аймагынын аймагында чакан ГЭСтерди курууга макулдук берүү максатында Жаргылчак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын III сессиясы токтом кылат.
1. Айыл аймакта ОсОО “ДАТТ Энерджи” коомуна чакан ГЭСтерди курууга макулдук берилсин.
2. Жаргылчак айыл өкмөтүнүн балансындагы Кичи-Жаргылчак айылынын № 1066, 1067, 3464, 3468, 3462, 3461, 3462, 3501, 3628, 3631, 3645, 3747, 3743, 3740, 3675, 3635, 3694, 3633, 3628, 3621, 3665 контурларынан 1.9га жер аянтын жана Чоң Жаргылчак айылынын № 3600, 3798, 3797, 3771, 3759, 3760, 3761, 1281, 1280, 1279, 1278, 1254, 1242, 996 контурларынан 1.8га жер аяттарын чакан ГЭС курууга бөлүнүп берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздары менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси У.П.Төлөковго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Ж.Молдакунов |